
Архивден алынган сүрөт. Кыргызстандын велоспорт боюнча курамасы Азия чемпионатына даярдык көрө баштады
Кийинки эки жума ичинде команда Балыкчыда машыгууларды өткөрөт, андан кийин даярдыкты Түркияда улантат.
Велоспорт боюнча Азия чемпионаты 4-февралда Сауд Аравиясында башталат.
Кыргызстандын Велоспорт федерациясы спортчулардын даярдыгы менен байланышкан бардык чыгымдарды, анын ичинде дары-дармектерди, витаминдерди жана спорттук тамак-ашты толугу менен өзүнө алат.
Мындан тышкары, өлкөдө "Локомотив Манас" аттуу профессионалдык велокоманда түзүлгөнү тууралуу мурда маалымдалган.