
Кыргызстандын курама командасы Азия Авто Джимхана Чемпионатынын эл аралык сериясында жалпы командалык эсепте жеңишке жетип, 2025-жылдагы сезонду 114 упай менен жыйынтыктады. Бул тууралуу Кыргызстандын авто-мото спорт жана жол коопсуздугу федерациясы билдирди.
Сорундардын жыйынтыгында кыргызстандык команда биринчи орунду ишенимдүү ээлеп, Тайвань курама командасын экинчи орунда, Индия командасын болсо үчүнчү орунда калтырды.
Курама командага Артём Исакжанов, Марат Мамбетакунов, Алексей Веденев, Дина Мухаметзянова жана Акылбек Омуракунов кирди. Команданын менеджери Владимир Комиссаров.
Мындан тышкары, курама команданын пилоту Дина Мухаметзянова жеке эсепте ийгиликтүү чыгыш жасап, аялдар арасында Азия чемпиону болду.
Asia Auto Gymkhana Championship — бул FIAнын колдоосу менен уюштурулган авторитеттүү эл аралык авто спорттук иш-чаралар сериясы, анда Азия жана Океания өлкөлөрүнөн мыкты жарышчылар катышат.