
Оюн Сауд Арабиясынын Джидда шаарында жайгашкан «Кинг Абдулла Спортс Сити» стадионунда өтүп, испан футболунун эки грандынын ортосундагы жаркын кармаш менен аяктады.
Оюндагы судьялык милдетти Хосе Мунуэра Монтеро аткарды.
Оюндагы биринчи голду бразилиялык Рафинья 36-мүнөттө киргизди, бирок «Реал» Винисиус Жуниордун жардамы менен 45-мүнөттө эсепти теңестирди. Ошол эле таймда Роберт Левандовски каталондуктарды кайрадан алдыга чыгарды, бирок Гонсало Гарсия эсепти кайрадан тең кылды. 73-мүнөттө Рафинья дубль жасады, ал эми оюндун аягында, 90-мүнөттө, Френки де Йонг кызыл карточка алып, талаадан чыгарылды.
Ошентип, «Барселона» өз тарыхында 16-рет Испаниянын Суперкубогуна ээ болуп, финалдык оюнду 3:2 эсебинде утуп алды.