
6-февралдан 22-февралга чейин Италияда XXV кышкы Олимпия оюндары өтөт.
Олимпиаданын расмий сайтынын маалыматына ылайык, 90дан ашык өлкө өз спортчуларын бул мелдештерге жиберет. Кыргызстан да эки атлет менен катышат.
Биздин командага Тимур Шакиров, Игорь Борисовдун жетекчилигинде тоо лыжасы боюнча мелдештерге катышып жаткан, жана лыжа жарыштары менен алектенген Артур Сапарбеков, Александр Левданскийдин жетекчилигинде машыгып жаткан спортчулар кирет.
Артур Сапарбеков классикалык стилде спринтке жана эркин стилде 10 километрлик жарышка катышат, ал эми лыжа жарыштары Валь-ди-Фьеммеде өтөт. Тимур Шакиров болсо Бормио тоо лыжа курортунда гигант слалом жана слалом боюнча мелдештерге катышат.
XXV кышкы Олимпия оюндары 15 спорт түрүн камтыйт жана 109 медаль комплекти үчүн күрөшөт. Программага лыжа жарыштары, биатлон, тоо лыжасы, сноуборд, коньки тебүү, хоккей жана башка дисциплиналар кирет. Бул оюндарга дүйнөнүн төрт бурчунан миңдеген спортчулар катышат деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 6-15-мартында Италияда кышкы Паралимпиада өтөт, ага мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар катышат.