22-февралда борбордук футбол клубу казакстандык «Каспий» клубу менен беттешти, ал өткөн сезонду Биринчи лиганын чемпиону болуп, Премьер-лигада ойноо укугун алды.
Оюндун жыйынтыгында «Бишкек Сити» 3:1 эсебинде жеңишке жетти. Голдор Руслан Розиев, Алексей Лобов жана Евгений Козлов тарабынан киргизилди.
Эске салсак, өткөн сезондо «Бишкек Сити» Кыргызстан Премьер-лигасында 14 команда арасында 13-орунду ээлеген.
Бул публикацияны Instagram'да көрүңүз
Публикация 𝐅𝐂 𝐁𝐈𝐒𝐇𝐊𝐄𝐊 𝐂𝐈𝐓𝐘 (@fcbishkekcity) тарабынан