
Кыргызстандык эркин күрөшчү Орозобек Токтомамбетов Тирана шаарында өтүп жаткан MUHAMET MALO-2026 эл аралык рейтингдик турнириде 74 кг салмак категориясында күмүш медаль утту.
Мамлекеттик физикалык культура жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча, Токтомамбетов өзүнүн чыгышын 1/8 финалдан баштап, анда Азербайжандык спортчу Канан Хейбатовду 3:1 эсебинде жеңди.
Четвертьфиналда кыргызстандык америкалык Куинси Мондейден 5:1 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишип, жарым финалга чыкты.
Жарым финалда Токтомамбетов грузин Георгий Элбакидзе менен жолугуп, 2:0 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алды.
Бирок акыркы беттеште күрөшчү ирандык Йонес Алиакбар Эмамиге 0:5 эсебинде жеңилип, турнирдеги күмүш медальдын ээси болду.
MUHAMET MALO-2026 турнири Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп, 1-мартка чейин уланат.