
Жакында Албанияда өткөн эркин күрөш турниринде кыргызстандык Орозобек Токтомамбетов күмүш медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) маалымдады.
74 килограмм салмак категориясындагы финалдык беттеште Токтомамбетов ирандык спортчу Йонес Алиакбар Эмамидан 0:5 эсебинде жеңилип калды.
Финалга жетүү жолунда кыргызстандык Азербайжан, АКШ жана Грузиянын күрөшчүлөрүн жеңди.
Ошондой эле, 70 килограмм салмак категориясында Эрназар Акматалиев алтын медаль утуп алса, Залкарбек Табалдиев коло медальдын ээси болду.