Ошентип, «Мурас Юнайтед» максималдуу 9 упайга ээ болуп, турниринин таблицасында биринчи орунду ээлеп алды. Экинчи орунда «Алга», «Илбирс» жана «Өзгөн» командалары жайгашып, лидерден эки упай артта калды.
Андан кийинки орунда 6 упайга ээ командалар: «Барс» (2 оюн өткөргөн), «Бишкек Сити» (3 оюн) жана «Азиягол» (4 оюн).
15-орунда үч оюндун жыйынтыгында 1 упайга ээ болгон «Дордой» турат, ал эми таблицанын акыркы орунунда «Абдыш-Ата» жайгашып, бир дагы упай алалбай жатат.
6-турдун өткөрүлгөн оюну «Мурас Юнайтед» жана ОшМУ арасында 30-мартта Бишкекте пландалган.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация Жогорку Лига (@jogorkuleague) тарабынан