Ак-Суй районунда өспүрүмдөр арасында лыжа жарыштары өтөт
Сары-Камыш айылында, Ак-Суй районунда, 12-февралдан 13-февралга чейин «Мен чемпион» аттуу республикалык лыжа жарышы өтөт. Бул тууралуу Turmush агенттигинин кабарчысына тренер Алтынбек Асакеев билдирди.