Президентке жакында боло турган шайлоого даярдык кандай жүрүп жатканын айтып, көрсөтүштү

Наталья Маркова Саясат
VK X OK WhatsApp Telegram
30-октябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кенештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык катары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлүп жаткан алыстан добуш берүүнү тестирлөө менен таанышып чыкты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Бишкектеги соода борборлорунун биринде уюштурулган шайлоо участогун зыярат кылып, тесттик добуш берүүнүн катышуучусу болду.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров президентке шайлоо жабдыктарынын иштешин көрсөтүп, алыстан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрдү. Тестирлөө учурунда система кайрадан добуш берүүнү алдын алчу механизмди да көрсөттү: башка участокто онлайн-идентификациядан өтүүгө аракет кылганда, программа шайлоочунун мурда добуш бергенин билдирип, бюллетень бербеди.

Алыстан добуш берүүнүн тестирлөөсү өлкөнүн бардык шайлоо участкаларында жана Россиянын айрым шаарларында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп жатканын эске салабыз. Мурда мындай тесттер 10 жана 20-октябрда жарандарды жаңы система менен тааныштырууга жана анын ишенимдүүлүгүн, ыңгайлуулугун текшерүүгө багытталып өткөрүлгөн.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Комментарий жазуу: