Жабдууларды сатып алууга 35 млн 100 миң сом Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стабилизациялык фонддон бөлүнгөн.


Ташиев, борбордун дарыгерлери менен сүйлөшүп, жакын арада мекемеге дагы керектүү медициналык жабдууларды сатып алууга даяр экенин билдирди.
ГКНБнын басма сөз кызматынан алынган сүрөт.
Мындан тышкары, дарыгерлер 180 орундуу авто токтотуучу жайды 4 400 кв. м аянтта куруу жана кызматтык унаа бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Бул боюнча Ташиев заманбап авто токтотуучу жайды тез арада уюштуруп, борбордун ар бир бөлүмүнө он кызматтык унаа берүүгө убада берди.
ГКНБнын басма сөз кызматынан алынган сүрөт.
Ошондой эле, Камчыбек Ташиев медициналык кызматкерлердин эмгек акысынын деңгээлин кыйла жогорулатуу ниетин билдирди.