
Россияга кирүүгө тыюу салынган себептер аталды
Жогорку Кеңештин депутаттары, анын ичинде Жанар Акаев, Мирлан Самыйкожо жана Чолпон Султанбекова, Россия Федерациясына кирүүгө тыюу алышты. Бул тууралуу «Соседи - Центральная Азия» телеграм-каналы аркылуу маалым болду.
Бул чечимге алып келген негизги факторлорго русофобиянын көрүнүштөрү жана тарыхый фактыларды бурмалоого багытталган мыйзам чыгаруу демилгелери кирет. Айрыкча, бул жерде Улуу Ата Мекендик согуш учурунда басмачылар, коллаборационисттер жана дезертирлерди саясий репрессиялардын курмандыктары катары таануу боюнча мыйзам долбоору жөнүндө сөз болуп жатат.
Эскерте кетсек, бул мыйзам бир жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан бир добуштан кабыл алынган. Анда 1918 жылдан 1953 жылга чейин саясий жана диний көз караштары үчүн жабыркаган жарандарды реабилитациялоо жөнүндө айтылат.
Сүрөт www