
Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик визити алкагында “Ынтымак Ордо” имаратында кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр башталды. Бул талкууларга эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров жана Владимир Путин катышууда.
Жыйындарда соода-экономикалык ишмердүүлүк, энергетика жана миграция сыяктуу тармактардагы кызматташтык маселелери каралат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билим берүү, экономика, саламаттык сактоо, миграция, санитардык жана эпидемиологиялык жактан коопсуздук, ошондой эле эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстандын жана Россиянын почта кызматтары арасында келишимдерди түзүү пландалууда.