Ал бул маанилүү саясий окуянын жыйынтыктары Кыргызстандын өзүнүн стратегиялык максаттарын ишке ашыруудагы ишенимдүү кыймылын көрсөтүп жатканын белгиледи.
"Парламенттик шайлоолор сиздин күчтүү жана гүлдөгөн мамлекет түзүү боюнча курсунузга кеңири колдоо көрсөтүүнүн чагылышы болду. Мен Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштык мамилелердин активдүү өнүгүшүн кубануу менен белгилеп кетем. Биздин көп жылдык достугубузга, жакшы коңшулук мамилелерибизге жана өз ара колдообузга таянып, биз жетишкендиктерибизди көбөйтүп, мамлекеттер аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлдерге көтөрө алабыз", – деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев.Сөзүнүн соңунда Казакстандын президенти Садыр Жапаровага кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн маанилүү иштеринде дагы да ийгиликтерди каалады.