
Жолугушуунун борборунда шаардагы аба булгануусунун негизги булактарын аныктоо жана бул проблема боюнча жаңы, комплекстүү изилдөө жүргүзүүнүн зарылдыгы талкууланды.
Рамиз Алиев Бишкектин негизги көйгөйлөрүнүн бири – түтүн экенин белгиледи. "Биздин шаарга аба сапатын изилдөө үчүн заманбап изилдөө керек. Биз учурдагы абалды талдоо жана булгануунун негизги себептерин аныктоо үчүн адистерди чакырдык," – деди ал.
UNOSD өкүлдөрү чакырууга ыраазычылык билдиришип, уюмдун долбоорлорунун алкагында колдонулган аба сапатын эл аралык изилдөө методдору боюнча презентация өткөрүштү.
Жолугушуунун аягында тараптар келечекте натыйжалуу кызматташууга үмүт артарын билдиришти.