Бул көрсөткүч канааттандырарлык аба сапатын билдирет.
Бишкектин эң булганган райондору:
1. Нагорье - 93
2. Мадиев көчөсү - 86
Бишкектеги булгануунун негизги булагы PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты нормага жооп берет, булгануу минималдуу |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, бирок жогорку сезгичтиги бар адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн ден соолукка зыяндуу | Сезгич адамдарга терс таасир этет, калган адамдарга таасири минималдуу |
| 151—200 | ден соолукка зыяндуу | Бардыгы ден соолукка терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүн, айрыкча сезгич адамдар |
| 201—300 | абдан ден соолукка зыяндуу | Ден соолукка кооптуу, таасири бардык калкка тийиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Ден соолукка кооптуу; бардыгы оор көйгөйлөргө дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 - диаметри 2,5 микрондон кичине болгон майда катуу бөлүкчөлөр, бул адам чачынын калыңдыгынан 30 эсе кичине. Аларга чаң, күкүрт, сажа, ошондой эле абадагы сульфаттар жана нитраттар кирет. Бул компоненттер ири шаарларга мүнөздүү аба сапатынын начарлашына алып келет.
3-ноябрдагы маалыматтар боюнча, Бишкек дүйнө жүзүндөгү аба булгануу деңгээли боюнча 23-орунду ээлейт (16:00).
• Булгануудан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маскаларды колдонуңуз;
- сыртта физикалык активдүүлүктү чектеңиз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.