Бул көрсөткүч абанын канааттандырарлык абалын көрсөтөт.
Бишкектеги эң булганган үч аймак:
1. Мадиев көчөсү - 69
2. Нагорье - 66
Бишкектеги абадагы негизги булгануу заттары PM2.5.
| Абанын сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Абанын сапаты канааттандырарлык, булгануу минималдуу жана норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Абанын сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир булгануучулар адамдар үчүн, булганууга сезгичтер үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн ден соолукка зыяндуу | Алардын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн, башкаларга көрүнүктүү таасир этпейт |
| 151—200 | ден соолукка зыяндуу | Бардык адамдар үчүн ден соолукка терс таасирлерди жаратат, айрыкча сезгич адамдар үчүн |
| 201—300 | абдан зыяндуу | Ден соолук үчүн коркунучтуу, бардык калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | коркунучтуу | Ден соолук үчүн коркунучтуу. Бардыгы оор кесепеттерди баштан кечириши мүмкүн |
PM2.5 2,5 микрондон кичинекей катуу бөлүкчөлөрдү билдирет. Алар адам чачынан 30 эсе кичине жана абадагы асфальт, күл, кокс, ошондой эле сульфаттар жана нитраттардын аралашмасын камтыйт. Бул заттар ири шаарларга мүнөздүү абанын көрүнүшүн начарлатат.
25-октябрга карата Бишкек дүйнөлүк абанын сапаты жана булгануу деңгээли боюнча 39-орунду ээлейт (саат 11:00гө карата).
• Абанын булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийиңиз;
- көчөдө физикалык активдүүлүктү азайтыңыз;
- аба тазалагычты колдонуңуз.