Синоптиктер август 2019-жылы Кыргызстанда кандай аба ырайы күтүлүп жатканын айтып беришти

Синоптиктер август 2019-жылы Кыргызстанда кандай аба ырайы күтүлөрүн айтып беришти

Кыргызстандагы август айындагы аба ырайы


Кыргызгидромет август 2019-жылга болжолдуу аба ырайынын прогнозун түздү.

Бардык аймактарда аба температурасы климаттык норманын чегинде күтүлүүдө.

Август 2019-жылдагы орточо айлык аба температурасы
Синоптиктер август 2019-жылы Кыргызстанда кандай аба ырайы күтүлөрүн айтып беришти

Жаан-чачындын саны да норманын чегинде — Нарын облусунан башка жерлерде, ал жерде адаттан көп жаан түшөт.

Август 2019-жылдагы орточо айлык жаан-чачындын саны
Синоптиктер август 2019-жылы Кыргызстанда кандай аба ырайы күтүлөрүн айтып беришти


Чүй облусу
Орточо айлык аба температурасы — 22-24 градус жылуу. Кемин өрөөнүндө жана тоо боорлорунда +15…+17 болжолдонууда.

Айдын ичинде түнкүсүн +15…+20, күндүз +25…+30 дан +32…+37 градуска чейин болот. Кемин өрөөнүндө жана тоо боорлорунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28 градус болот.

Талас облусу
Орточо айлык температура +18…+20 градус болот. Түнкүсүн +10…+15, күндүз 25-30 градус жылуу болот.

Айлык жаан-чачындын саны өрөөн аймагында нормадан аз, тоо боорлорунда норманын чегинде - Чүй өрөөнүндө 11-18 мм, Талас өрөөнүндө 6-12 мм, тоо боорлорунда 30-31 мм болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Орточо айлык температура +23…+25, тоо боорлорунда 18-20 градус жылуу болот.

Түнкү температура +15…+20 градус чегинде болот, күндүз +25…+30 дан +31…+36 градуска чейин өзгөрөт. Тоо боорлорунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30 градус болот.

Ысык-Көл облусу
Орточо айлык температура 16-18 градус жылуу. Түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25 градус болот.

Айлык жаан-чачындын саны норманын чегинде күтүлүүдө (31-39 мм, чыгышта 49-80 мм).

Нарын облусу
Орточо айлык температура +16…+18 градус болот. Түнкү температура +6...+11, күндүз 20-25 градус жылуу болот.

Айлык жаан-чачындын саны нормадан аз күтүлүүдө (13-43 мм).

Бишкектеги август айындагы аба ырайы төмөндөгүдөй күтүлүүдө:
Синоптиктер август 2019-жылы Кыргызстанда кандай аба ырайы күтүлөрүн айтып беришти

Эскертүү! Август 2019-жылга узак мөөнөттүү аба ырайынын прогнозу болжолдуу болуп, аба ырайынын өзгөрүшүнүн мүнөзүн гана чагылдырат.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent