Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу
Күндүн температурасынын төмөндөшү күтүлүүдө
Шейшемби, 24-мартта, күндүз негизинен жаан-чачынсыз, түнкүсүн айрым жерлерде аз гана жаан, тоолуу аймактарда кар түшөт, деп билдирет Кыргызгидромет.
Шамал батыштан, 4-9 метр секундасына, айрым райондордо 15-20 метрге чейин күчөйт.
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 2…8 градус жылуу, күндүз +15…+20 градус күтүлүүдө.
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4-9 градус нөлдөн жогору, күндүз +18…+23 градус болот.
Нарын облусунда түнкү температура 0…-5, күндүз 8-13 градус "плюс" белгилери менен.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9-14 градус жылуу.
Бишкек жана Ош шаарларында түнкү температура 6-8 градус нөлдөн жогору, күндүз +17…+19 градус болот.