Бул деңгээл канааттандырарлык.
Шаардын эң булганган райондору:
1. Мадиев көчөсү - 153
2. Нагорье - 91
Бишкектеги абанын негизги булгануучусу PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты кабыл алынуучу деңгээлде, булгануу норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты жогорку сезимталдыкка ээ адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн ден-соолукка зыяндуу | Кээ бир топторго таасир этет, бирок көпчүлүк адамдар үчүн олуттуу көйгөй жаратпайт |
| 151—200 | ден-соолукка зыяндуу | Көпчүлүк адамдардын, айрыкча сезимталдардын ден-соолугуна таасир этиши мүмкүн |
| 201—300 | абдан зыяндуу | Ден-соолук үчүн кооптуу, бардык калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Ден-соолук үчүн өтө кооптуу, бардык адамдарга таасир этет |
PM2.5 2,5 микрондон кичинекей микро бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адамдын чачынан 30 эсе кичине. Бул бөлүкчөлөргө чаң, күл, күйүү, ошондой эле абадагы сульфаттар жана нитраттар кирет. Мына ошолор чоң шаарларга мүнөздүү булганууга алып келет.
Дүйнөлүк шаарлардын аба сапаты боюнча рейтингинде 29-октябрда Бишкек 29-орунду ээлейт (10:00 абалы боюнча).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- Булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- Коргоочу бет каптарды тагыныңыз;
- Абада физикалык жүктөмдү азайтыңыз;
- Аба тазалагычтарды колдонуңуз.