Бул деңгээл уязвимдүү топтор үчүн зыяндуу.
Бишкектеги эң булганган аймактар:
1. Мадиев көчөсү - 155
2. Нагорье - 88
Бишкектеги абанын булганышынын негизги булагы PM2.5.
| Абанын сапат индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Абанын сапаты кабыл алынуучу, булгануу аз жана норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Абанын сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир булгануучулар сезимтал адамдар үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн ден соолукка зыяндуу | Булганууга сезимтал адамдарга таасир этиши мүмкүн. Саламат адамдар үчүн таасир байкалбай калышы мүмкүн |
| 151—200 | ден соолукка зыяндуу | Бардыгы ден соолукка терс таасирлерди сезиши мүмкүн, айрыкча сезимтал адамдар |
| 201—300 | абдан ден соолукка зыяндуу | Ден соолук үчүн коркунучтуу. Бул бүт калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | коркунучтуу | Ден соолук үчүн коркунучтуу. Ар бир адам олуттуу кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 — бул 2,5 микрондон кичине катуу бөлүкчөлөр, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Бул абадагы чаң, күл, сажа жана башка бөлүкчөлөрдүн аралашмасы, жана булар ири мегаполистердеги абанын сапатын начарлатууга себепкер болот.
Дүйнөлүк абанын сапаты рейтингинде 28-октябрь күнү Бишкек 12-орунду ээлейт (11:00 боюнча).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийип жүрүңүз;
- көчөдө физикалык жүктөмдү азайтыңыз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.