Мындай деңгээл уязвимдүү топтор үчүн зыяндуу деп эсептелет.
Бишкектеги эң булганган аймактар:
1. Мадиев көчөсү - 142
2. Нагорье - 121
Шаардагы негизги аба булгандыруучу PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Булгануу аз, аба сапаты норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, бирок сезимтал адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн ден-соолукка зыяндуу | Сезимтал адамдарга таасир этүүсү мүмкүн. Көпчүлүк жарандар үчүн таасири минималдуу |
| 151—200 | ден-соолукка зыяндуу | Ден-соолукка таасири бардык адамдарда сезилиши мүмкүн, айрыкча сезимтал адамдарда |
| 201—300 | абдан зыяндуу | Ден-соолук үчүн кооптуу, таасири бардык калкка тийиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Ден-соолукка олуттуу коркунуч, бардык адамдар кооптуу кесепеттер менен бетме-бет келиши мүмкүн |
PM2.5 – бул 2,5 микрондон кичинекей микрочастицалар, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Бул бөлүкчөлөр абадагы чаң, күл, сажа жана сульфаттар, нитраттар сыяктуу химиялык бирикмелердин аралашмасын түзөт. Алар көрүнүктүүлүктү начарлатууга жана ири шаарларда абанын булганышына себеп болот.
19-ноябрдагы абанын булгануу деңгээли боюнча Бишкек 14-орунда турат (11:00).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- сырттагы булгануудан коргонуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маскаларды колдонуңуз;
- көчөдөгү физикалык жүктөмдөрдү азайтыңыз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.