Бул индекс абанын алсыз топтор үчүн зыяндуу экенин көрсөтөт.
Бишкектеги эң көп булганган үч аймак:
1. Мадиев көчөсү - 153
2. Нагорье - 136
Бишкектеги абанын булганышынын негизги булагы PM2.5.
| Абанын сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Абанын сапаты канааттандырарлык; булгануу минималдуу жана норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Абанын сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир булгануучу заттар адамдар үчүн, булганууга сезгичтер үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн зыяндуу | Сезгичтиги жогору адамдарга таасир этиши мүмкүн. Башкаларга көрүнүктүү таасир этпейт |
| 151—200 | зыяндуу | Ар бир адамдын ден соолугуна таасир этиши мүмкүн, сезгичтиги жогору адамдар олуттуу көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн |
| 201—300 | абдан зыяндуу | Ден соолукка кооптуу. Бул, мүмкүн, бардык калкка таасир этет |
| 300+ | кооптуу | Ден соолукка кооптуу. Бардык адамдар ден соолугуна олуттуу кесепеттерге туш болушу мүмкүн |
PM2.5 2,5 микрондон кичинекей майда бөлүкчөлөрдү билдирет. Бул бөлүкчөлөр адамдын чачынан 30 эсе кичине жана абадагы чаң, күл, саж, ошондой эле сульфаттар жана нитраттарды камтыйт. Бул заттар ири шаарларга мүнөздүү атмосферанын булганышына себепкер болот.
Дүйнөлүк абанын сапаты рейтингинде 14-ноябрда Бишкек 23-орунду ээлейт (17:00 абалында).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- Булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- Маска кийиңиз;
- Ачык асманда физикалык жүктөмдү азайтыңыз;
- Аба тазалагычтарды колдонуңуз.