Мындай индекс уязвимдүү топтор үчүн зыяндуу деп эсептелет.
Бишкектин эң булганган 3 району:
1. Нагорье - 141
2. Мадиев көчөсү - 138
Башкы аба булгандыруучу зат PM2.5. болуп саналат.
| Абанын сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Абанын сапаты канааттандырарлык, булгануу минималдуу норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Абанын сапаты кабыл алынуучу, бирок айрым булгандыруучулар сезгич адамдар үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн зыяндуу | Жогорку сезгичтиги бар адамдарга таасир этиши мүмкүн, калган адамдарга көрүнүктүү таасир этпейт |
| 151—200 | зыяндуу | Бардыгы ден соолукка терс таасирлерди сезиши мүмкүн, айрыкча сезгич адамдар |
| 201—300 | өте зыяндуу | Ден соолук үчүн коркунучтуу, терс таасирлер бардык калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | коркунучтуу | Ден соолук үчүн өтө коркунучтуу, бардык адамдар олуттуу кесепеттерди сезиши мүмкүн |
PM2.5 2.5 микрондон кичине катуу бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адам чачынын калындыгынан 30 эсе кичине. Бул бөлүкчөлөргө чаң, күкүрт, сажа, ошондой эле атмосферада асманда турган сульфаттар жана нитраттар кирет. Алар ири мегаполистерге мүнөздүү түтүнгө себепкер болушат.
Глобалдык абанын сапатынын рейтингине ылайык 15-ноябрда Бишкек дүйнөдөгү шаарлар арасында 12-орунду ээлейт (11:00).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин минималдаштыруу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийиңиз;
- көчөдөгү физикалык активдүүлүктү азайтыңыз;
- аба тазалагычты колдонуңуз.