Мындай индекс мааниси алсыз топтор үчүн зыяндуу таасир көрсөтөт.
Бишкектеги эң булганган райондор:
1. Мадиев көчөсү - 173
2. Нагорье - 117
Башкы булгануу заттарынын бири PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты канааттандырарлык, булгануу минималдуу жана норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, бирок айрым булгануучулар сезгич адамдар үчүн коркунучтуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн ден соолукка зыяндуу | Сезгич адамдарга терс таасир көрсөтүшү мүмкүн, бирок кадимки адамдарга байкалаарлык таасир этпейт |
| 151—200 | ден соолукка зыяндуу | Бардыгы ден соолукка терс кесепеттерди сезиши мүмкүн, сезгич адамдар - дагы да оор кесепеттерди |
| 201—300 | абдан ден соолукка зыяндуу | Ден соолукка коркунучтуу. Бардык калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | коркунучтуу | Ден соолукка коркунучтуу. Ар бир адам оор кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 — бул диаметри 2,5 микрондон кичинекей катуу бөлүкчөлөр, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Бул бөлүкчөлөр чаң, күкүрт, сажа, ошондой эле абада асма абалдагы сульфаттар жана нитраттарды камтыйт. Алар ири мегаполистерге мүнөздүү аба сапатынын начарлашына алып келет.
7-ноябрда Бишкек дүйнөлүк аба сапаты жана атмосферанын булгануусу рейтингинде 10-орунду ээлейт (саат 17:00 боюнча).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- Булганган абанын киришин болтурбоо үчүн терезелерди жабыңыз;
- Коргоочу бет каптарды кийиңиз;
- Чыгышта физикалык жүктөмдөрдү чектеңиз;
- Аба тазалагычтарды колдонуңуз.