
Сайттын маалыматына ылайык, 6-ноябрда Бишкектеги абанын сапатынын индекси 220 (AQI) түзгөн.
Абанын сапатынын индекси (AQI) алты категорияга бөлүнөт, бул ден соолукка коркунучтун деңгээлин чагылдырат. 300дөн жогору болгон маанилер абанын кооптуу абалын көрсөтсө, 50дөн төмөн деңгээл жакшы деп эсептелет.
Ошондой эле, Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү жыл сайын борбордогу абанын сапаты орто деңгээлде экенин, Гидрометеорология кызматынан алынган маалыматтарды өз сөздөрүн тастыктоочу катары көрсөтүп, билдиришет.