Бул деңгээл жашоонун осал топтору үчүн зыяндуу деп эсептелет.
Шаардын эң булганган райондору:
1. Мадиев көчөсү - 160
2. Нагорье - 152
Бишкектеги абанын булганышынын негизги булагы PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты норманын ичинде, булгануу минималдуу |
| 51—100 | канааттандырарлык | Сапат кабыл алынуучу, бирок кээ бир заттар сезимтал адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн оор | Сезимтал адамдардын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн, ал эми орто адамдар маанилүү таасирди сезбейт |
| 151—200 | оор | Бардыгына таасир этиши мүмкүн, айрыкча осал топтор олуттуу кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
| 201—300 | абдан оор | Ден соолукка кооптуу, таасир жалпы калкка сезилиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Ден соолукту олуттуу коркунучка салат, баары олуттуу кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 — бул диаметри 2,5 микрондон кичине бөлүкчөлөр, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Алар чаң, күл, кара түтүн, ошондой эле атмосферада асма абалдагы сульфаттар жана нитраттарды камтыйт. Бул элементтер ири мегаполистерде байкалган абанын мүнөздүү булгарышына себеп болот.
2025-жылдын 18-нобрына карата Бишкек дүйнөлүк аба сапаты жана булгануу деңгээли боюнча 14-орунду ээлеп турат (11:00).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- Тазаланбаган абанын киришине жол бербөө үчүн терезелерди жабыңыз;
- Маска кийиңиз;
- Ачык абада физикалык активдүүлүктү азайтыңыз;
- Бөлмөнү аба тазалагыч менен жабдыңыз.