Мындай деңгээл алсыз топтор үчүн зыяндуу деп эсептелет.
Бишкектеги эң булганган үч район:
1. Мадиев көчөсү - 166
2. Нагорье - 154
Бишкектеги абанын булганышынын негизги булагы — PM2.5.
| Абанын сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Абанын сапаты норманын ичинде, булгануу аз |
| 51—100 | канааттандырарлык | Абанын сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир булгануучулар сезимтал адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | алсыз топтор үчүн ден соолукка зыяндуу | Бул булганууга сезимтал адамдарга терс таасир этет, бирок көпчүлүк адамдарга көрүнүктүү таасир этпейт |
| 151—200 | ден соолукка зыяндуу | Бардыгы ден соолукка терс таасир сезиши мүмкүн, айрыкча сезимтал адамдар |
| 201—300 | абдан зыяндуу | Ден соолукка кооптуу, жалпы калк үчүн кесепеттер болушу мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Ден соолукка олуттуу коркунуч туудурат, бардыгы олуттуу кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 2,5 микрондон кичине катуу бөлүкчөлөрдү камтыйт, алар адамдын чачынан 30 эсе кичине болушу мүмкүн. Аларга чаң, күл жана кара түтүн бөлүкчөлөрү, ошондой эле абадагы сульфаттар жана нитраттар кирет. Бул заттар көп учурда ири шаарларда түтүн пайда болуусунун себеби болуп саналат.
17-ноябрга карата Бишкек дүйнөлүк абанын сапаты жана булгануу рейтингинде 9-орунду ээлеп турат (17:00).
• Абанын булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- бет каптарды колдонуңуз;
- таза абада физикалык жүктөмдү чектеңиз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.