"Биз мамлекеттик органдардын ачык жана шыпаа иштешин камсыз кылышыбыз керек. Биздин милдет - калкка актуалдуу жана текшерилген маалыматтарды берүү. Социалдык тармактар жана ЖМКлар маанилүү роль ойнойт, бирок маалыматтын бурмаланышы жана так эмес маалыматтардын таралышы да болуп жатат. Бул шарттарда расмий веб-сайттар жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн негизги куралы болушу керек", - деди ал.

Порталдан скриншот.
Касымалиев мурда мамлекеттик веб-ресурстар расмий "витрина" функциясын толук аткарбай турганын белгиледи. Бул маселени чечүү үчүн масштабдуу аналитикалык иштер жана учурдагы сайттарды баалоо жүргүзүлдү, бул egov.kg бирдиктүү мамлекеттик маалымат порталын түзүүгө алып келди. Портал азыркы учурда иштеп жатат жана колдонуучулар үчүн жеткиликтүү. Азыркы учурда министрликтердин жана ведомстволордун сайттарын жаңы платформага этап-этабы менен өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө, ал эми келечекте бардык мамлекеттик органдарды туташтыруу пландалууда.
Жаңы порталдан колдонуучулар министрликтердин расмий маалыматтары, маанилүү документтери жана байланыштары менен толук беттерди таба алышат.