2019-жылы берилген эски күбөлүктөр бардыгы түгөнгөнчө берилет. Андан кийин мамлекеттик органдар жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүүгө киришет.
Бул токтомго ылайык, Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо борбору жаңы күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн башка мамлекеттерге жаңы форматка өтүү жөнүндө маалымдоо үчүн Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берүүгө милдеттүү.
"Кызмат" уюму жаңы күбөлүктөрдүн персонификациясына жооп берет.
Тышкы иштер министрлиги ошондой эле жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүү боюнча чет өлкөлөрдү маалымдоо иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.
Документте бул чечим жарандардын транспорт каражаттарын башкаруу укугун тастыктаган заманбап документти түзүүгө багытталгандыгы белгиленет.
Токтом кол коюлган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

2025-жылдагы улуттук айдоочулук күбөлүгү тегерек четтери бар төрт бурчтуу формада, узундугу 85,60 мм жана туурасы 53,98 мм, калынлыгы 0,76 мм. Ал поликарбонаттан жасалган жана кыргыз, орус, англис жана француз тилдеринде маалыматты камтыйт.