Жаңы токтомго ылайык, үч негизги документ бекитилди:
- кошумча билим берүү мекемелери үчүн типтүү жобо;
- ушул мекемелердин уставынын үлгүсү;
- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүүнүн регламенти.
Жаңы тартипке ылайык, беш жылдан ашык кызматта турган билим берүү мекемелеринин директорлору өз кызматтарынан кетүүгө тийиш жана жалпы негизде конкурска катыша алышат. Жаңы жетекчилер дайындалганга чейин алар убактылуу өз милдеттерин аткара алышат.
Жаңы директорлорду тандоо конкурсу милдеттүү түрдө өткөрүлөт жана бардык процедуралар эмгек мыйзамдарына жана «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын нормаларына ылайык болушу керек.
Конкурстарды уюштуруу үчүн чыгымдар 2025-жылга жана кийинки жылдарга Билим берүү министрлигинин бюджетинде каралган каражаттар менен жабылат.
Бул токтом он күндөн кийин күчүнө кирет.