Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы эскертет:
Скот базарлары жаныбарлар арасында оорулардын жайылышынын негизги борборлору болуп саналат.
Ветеринардык маалымкатсыз бул базарларга жаныбарларды алып келүүгө тыюу салынат.
Ветеринардык маалымкат алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- ири кара малда кулак бириктиргичи болушу керек,
- аттарда — чип орнотулган болушу керек.
Маалымат катары, тиешелүү документтери жок келген жаныбарлардын ээлери мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат:
- жеке адамдар үчүн – 5500 сом өлчөмүндө айып пул,
- юридикалык жактар үчүн – 17 500 сом өлчөмүндө айып пул.
Документтери жок жаныбарлар базарга киргизилбейт.
Ошондой эле жаныбарларды ташып жаткан айдоочуларга эскертебиз:
жаныбарларды ветеринардык коштоочу документтерсиз ташууга жана алып келүүгө тыюу салынат.
Мыйзамды бузгандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.