Дейв жана Дебра Корбеил Кыргызстан жөнүндө

Дейв жана Дебра Корбеил Кыргызстан жөнүндө

Он жылдык саякатта үй-бүлө 107 өлкөдө болуп, бардык континенттерди кыдырышты



Популярдуу туристтик сайттын негиздөөчүлөрү The Planet D Дейв жана Дебра Корбеил августтун аягында Кыргызстанда болушту. Үй-бүлө республика боюнча саякаттары тууралуу түстүү роликти сунуштады.

"Кыргызстан Улуу Жибек жолунда чоң оюнчу болгон жана 1991-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин көп өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү. Эки революция, экономикадагы кыйынчылыктар… Мамлекет дүйнөлүк аренада саякаттоо үчүн эң сонун жер катары өзүн көрсөтө баштады", — деп белгилешти блогерлер.


Канадандык үй-бүлө ошондой эле өзүнүн расмий Instagram баракчасында Кыргызстандагы таасирдүү сүрөттөрдү бөлүштү.

Саякаттар боюнча сайт The Planet D 2008-жылы, Корбеил жубайлары Каирден Кейптаунга чейин велосипед менен саякаттаган соң ачылган. Ошондон бери алар 107 өлкөнү кыдырышты жана бардык континенттерде болушту. Бул жылдын башында америкалык Forbes журналы туристтик блогдун негиздөөчүлөрүн дүйнөдөгү эң таасирдүү 10 саякат блогеринин катарына киргизди.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent