Терминасов Юрий Степанович

Терминасов Юрий Степанович (1910-1978),
физика-математика или илимдеринин доктору (1945), профессор (1947), Кыргыз ССРнин корреспондент-мүчөсү (1960)
Россия Федерациясынын Калинин облусундагы Ржев шаарында төрөлгөн.
Ленинграддагы физика-математика институтун (1932) аяктаган.
Ленинграддагы физика-математика институтунда ассистент, Ленинград инженердик-экономикалык институтунун кафедра башчысы, Кыргыз ССРнин АНында бөлүм башчысы, Петрозаводск мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, Куйбышев политехникалык институтунун кафедра башчысы болуп иштеген.
Металлофизика тармагында адис.
130дан ашык илимий эмгектери жарык көргөн.
Анын жетекчилиги астында 12 кандидаттык диссертация корголгон.