Розова Евдокия Александровна

Розова Евдокия Александровна (1899-1971),
физика-математика илигинин доктору (1950), Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын академиги (1954)
Орус. Горький облусунда төрөлгөн.
ЛГУнун (1929) жана СССРдин илимдер академиясынын докторантурасын (1943) аяктаган.
Сейсмикалык станциялардын жетекчиси, СССРдин физика-математика институтунда илимий кызматкер, СССРдин ИСинде улук илимий кызматкер, СССРдин Геофизика институтунда, Кыргыз ССРинин сейсмология бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.
Сейсмология тармагында адис. Ленин ордени, Ардак Белги, СССРдин медалдары менен сыйланган.
80ден ашык илимий эмгектери жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 4 кандидаттык диссертация корголгон.