Хасанов Туйчи Ходжаевич

Хасанов Туйчи Ходжаевич (1944),
педагогика боюнча илимдердин доктору (1993)
Узбек ССРинин Андижан шаарында туулган.
Андижан мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган.
Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда декандын орун басары, кафедра башчысы, Андижан мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, декан, Ош жогорку колледжинде окуу жана тарбия иштери боюнча проректор, 2000-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин кафедра башчысы болуп иштеген.
Педагогика теориясы жана тарыхы боюнча адис.
80ден ашык илимий эмгектери жарыяланган, анын ичинде 1 монография, 1 окуу куралы, 5 методикалык сунуштар.
Анын жетекчилиги астында 2 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Кичинекей мектеп окуучуларынын тарбиясында дисциплинаны жана жүрүм-турум маданиятын калыптандыруунун теориялык жана методикалык негиздери (Өзбекстан мектептеринин материалдары боюнча). Ташкент, Фан, 1988.
2. Кичинекей мектеп окуучуларынын дисциплинасы жана жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу (автордук биргелешип). Ташкент, Матбуот, 1989.
3. Окуучулардын жеке жана топтук педагогикалык-психологиялык мүнөздөмөсүн даярдоонун негиздери (автордук биргелешип). Метод, жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерине сунуштар. Андижан, 1986.
4. Базар мамилелери шартында тарбиялоонун максаттары жана милдеттери (өзбек тилинде). //Халк таълими, 1993.
5. Инновациялык педагогдор үчүн тарбиялоо технологиясы (1-бөлүк). Педагогикалык байланыштарды гуманизациялоо жана мектептеги мамиле тарбиялоонун дисциплинасын, жүрүм-турум маданиятын эффективдүүлүгү үчүн чечүүчү шарт катары (2-бөлүк). //Матер, эл аралык илимий-практикалык конференция. «Личность и воспитание: Роль общеобразовательных технологий в современной школе». Ош, 2001.