Талиев Омурбек
Талиев Омурбек Сүрөтчү. 1957-жылдын 20-октябрында Ош облусунун Алай районундагы Гульча айылында туулган. 1983-жылы С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт училищесин, 1992-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик киноинститутунун көркөм өнөр факультетин аяктаган. 1983-1986-жылдары Алай райондук маданият бөлүмүндө сүрөтчү-декоратор болуп иштеген. 2006-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинде атайын дисциплиналардан мугалим.