Бекташев Уларбек
Бекташев Уларбек Сүрөтчү. 1947-жылдын 20-апрелинде Ош облусунун Узген районундагы Караул айылында төрөлгөн. 1969-жылы Фрунзе көркөм окуу жайына кабыл алынган. Окуу жайын аяктаган соң, Ош шаарындагы көркөм-өндүрүштүк шеберханаларга сүрөтчү катары жөнөтүлгөн. 1988-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Облустук жана республикалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.