Поэт Анасбек Жумалиев
Поэт А. Жумалиев Бала-Сару айылында (азыркы Манас району, Талас облусу) колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1965-жылы Киров районундагы Чон-Курган орто мектебин, 1973-жылы КГУнун филология факультетинин заочное бөлүмүн аяктаган. Эмгек биографиясын туулган айылындагы сегиз жылдык мектепте улук пионервожатый болуп баштаган. 1968-жылдан ошол жерде өзүнүн тили жана адабияты боюнча мугалим болуп иштеген, ал эми 1983-жылдан бери окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп келет.