Циркуляциялык монета номиналы 10 сом
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 4, 15, 16 жана 18-беренелерине жана 2009-жылдын 18-ноябрындагы №46/1 «10 сом монетасын айланууга чыгаруу жөнүндө» Улуттук банктын башкармалыгынын токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 2009-жылдын 1-декабрынан тартып 10 сом номиналындагы айланма монета айланууга киргизилет. 10 сом номиналындагы айланма монета болоттон жасалган жүрөктү никелдөө ыкмасы менен даярдалган. Монетанын беттик жагында улуттук ичимдик кумыс үчүн