
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 4, 15, 16 жана 18-беренелерине жана 2009-жылдын 18-ноябрындагы №46/1 «10 сом монетасын айланууга чыгаруу жөнүндө» Улуттук банктын башкармалыгынын токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 2009-жылдын 1-декабрынан тартып 10 сом номиналындагы айланма монета айланууга киргизилет.
10 сом номиналындагы айланма монета болоттон жасалган жүрөктү никелдөө ыкмасы менен даярдалган.
Монетанын беттик жагында улуттук ичимдик кумыс үчүн традициялык кыргызча териден жасалган кёёкёрдүн сүрөтү колдонулган. Кёёкёрдүн үч бурчтук формасында тумар символу жайгашкан, ал кыргыз орнаменттеринде колдонулган.
Монетанын арткы жагында Кыргыз Республикасынын герби жана монетанын чыгарылган жылы жайгашкан.
Монетанын техникалык спецификациялары:

10 сом номиналындагы айланма монета Кыргыз Республикасында расмий төлөм каражатынын статусуна ээ жана төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.