2010-жылдын 1-октябрына карата Кыргыз Республикасында жыйноо күмүш монета "10 жыл ЕврАзЭС", “10 жыл ЕврАзЭС” сериясына арналган 10 сом номиналындагы монета жүгүртүүгө чыгарылды.
“10 жыл ЕврАзЭС” жыйноо монетасы ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн кымбат металлдардан жыйноо монеталарын чыгаруу жана сатуу боюнча Эл аралык программасынын алкагында чыгарылган. ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борбордук (улуттук) банктары тарабынан чыгарылган жыйноо монеталарынын бардык сериясынын негизги бириктирүүчү элементи ЕврАзЭС эмблемасы болуп саналат.
Монетанын “10 жыл ЕврАзЭС” беттик тарабында ЕврАзЭС эмблемасы, түстүү эмаль менен жасалган, жайгашкан. Эмблема ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борборлорунун белгилүү жерлерин сүрөттөгөн гүлдүн жалбырактарынын фонуна коюлган.
Ар бир монета акрил капсуласына салынган жана өзүнчө кутучада, сертификат менен кошо берилет.
Монеталардын спецификациялары

Монеталардын сатуу баасы 1 600 сом.