
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө мыйзамдын 15-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2007-жылдын 11-октябрына карата № 44/2 «1, 10, 50 тыйын жана 1, 3, 5 сом номиналындагы монеталарды жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө» токтомуна ылайык, 2008-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын аймагында 1 тыйын номиналындагы коллекциялык монета жана 10, 50 тыйын, 1, 3, 5 сом номиналындагы айланма монеталар жүгүртүүгө киргизилет.
10 тыйын номиналындагы айланма монета болоттун жүрөгүн латун менен каптоо ыкмасы менен жасалган.
Монетанын бет жагында кыргыз кол өнөрчүлүгүндө байыртан бери кездешип келген эң белгилүү жана кооз орнаменттик элементтердин бири болгон гүлдүн сүрөтү колдонулган.
Монетанын арткы жагында Кыргыз Республикасынын герби жана монеталардын чыгарылган жылы жайгашкан.
10 тыйын номиналындагы айланма монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражатынын статусуна ээ жана 2008-жылдын 1-январынан баштап төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.
Монеталардын техникалык спецификациялары:
