2000 сомдук купюра ТМД жана Европанын жарымында эң мыкты деп табылды

2000 сомдук банкнота ТМД жана Европанын жарымында эң жакшы деп табылды

2 000 сомдук эстелик банкнота эл аралык престиждүү конкурстун жеңүүчүсү болду


"Жылдын эң жакшы регионалдык банкноту" дизайндын, заманбап коргоо элементтерин колдонуу, көркөм жасалгалоо, ошондой эле банкноттун технологиялык жабдылышы жана корголушу боюнча жетишкендиктери үчүн берилет.

2 000 сомдук эстелик банкнота 2018-жылдын "Эң жакшы регионалдык банкнота" эл аралык конкурстун жеңүүчүсү болду, бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат кызматы билдирди.

Банкнота 2017-жылдын 17-ноябрында жүгүртүүгө чыгарылган жана Кыргызстандын көз карандысыздыгы, Улуттук банктын түзүлүшү жана улуттук валютанын киргизилиши сыяктуу бир нече маанилүү окуялардын 25 жылдык юбилейине арналган.

"Жылдын эң жакшы регионалдык банкноту" сыйлыгы дизайндын, заманбап коргоо элементтерин колдонуу, көркөм жасалгалоо, ошондой эле банкноттун технологиялык жабдылышы жана корголушу боюнча жетишкендиктери үчүн берилет. Ошондой эле, маданий мурастын чагылдырылышына, эмитент өлкөнүн жалпы дизайны жана символикасынын актуалдуулугуна өзгөчө көңүл бурулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку сыйлыкка ошондой эле 200 жана 2 000 рублдук Россиянын банкноттору, 500 драмдык Армениянын эстелик банкноту, 500 злотыйлык Польша банкноту, ошондой эле 5 ларидик Грузия банкноту талапкер болгон.

Жылдын эң жакшы регионалдык банкноту боюнча конкурс жыл сайын өткөрүлүүчү жогорку корголгон басма (High Security Printing) боюнча эл аралык конференциянын алкагында өткөрүлдү, ал 19-февралдан 21-февралга чейин Варшавада өттү. High Security Printing — банкноттордун жана башка баалуу кагаздардын өндүрүшү, басылышы, коргоо элементтери боюнча маселелерге арналган эң ири регионалдык жылдык конференция.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent