
16-октябрдан 4-ноябрга чейин Кыргыз Республикасынын Г. Айтиева атындагы көркөм искусстволор музейинде Асатилла Тешебаевдин жеке көргөзмөсү "Убакыттын башаттары" өтөт.
Көргөзмөдө фильмге арналган костюмдардын эскиздери - живопись жана коллаж көрсөтүлөт.
Тешебаев - заманбап искусствонун сүрөтчүсү. Анын эмгектериндеги сүйүктүү тема - адам. 1957-жылдын 19-июлунда мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1982-1988-жылдары ВГИКте (Бүткүл Союздук мамлекеттик кинематография институту) жогорку көркөм билим алган. Сүрөтчүнүн дебюттук эмгеги 1988-жылы "Кербез. Жанаша качкын" фильминде сүрөтчү-дизайнер катары иштөө болду. 1990-жылдан бери азыркыга чейин эркин чыгармачылыкта жүрүп, дүйнө жүзүн кыдырып жүрөт. Европалык маданияттын таасири да сүрөтчүнүн эмгектеринде чагылдырылган.
Сүрөтчү коомдун социалдык жана саясий, материалдык жана руханий маселелерин, адамдарга мүнөздүү сезимдер жана таасирлер аркылуу карайт. Австрия жана Россия сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.
Анын эмгектери Европанын көптөгөн шаарларында көрсөтүлгөн: Postilion галереясы (Грац, Австрия), Komtex галереясы (Ротляйтен, Австрия), Kunstlerbund көргөзмө залы (Грац, Австрия), "Свобода" радиосу (Прага, Чехия), Broadwey галереясы (Нью-Йорк, АКШ), Борбордук сүрөтчүлөр үйү (Москва, Россия).
Телефон: (0312) 66-16-23
Баасы: 40 сомдон башталат