Инна Артемованын «Келечектин ландшафттары» көргөзмөсү

admin Афиша
VK X OK WhatsApp Telegram
Инна Артемова «Келечектин ландшафттары» көргөзмөсү

Инна Артемованын жаңы сүрөттөр сериясы «Келечектин ландшафттары»


9-августта саат 15:00дө Кыргыз Улуттук көркөм искусстволор музейинде Берлинден келген сүрөтчү Инна Артемованын көргөзмөсү ачылат.

Инна Артемованын эмгектеринин борбордук темасы Утопия идеясы болуп саналат, анын жаңы сүрөттөр сериясы «Келечектин ландшафттары» ушул идеяны көркөм түрдө чагылдырат. Бул сериянын графикалык эмгектери биздин музейдеги бирдей аталыштагы көргөзмөдө сунушталат.

Сүрөтчү өз эмгектеринде 1960-жылдардын утопиялык авангардынын идеалдуу шаар концепциясына кайрылып, аны заманбап көз караштан кайра ойлонуп чыгат. Бул идеялардын кээ бирлери азыркы учурда чындыкка айланды.

Цифрлаштыруу жана искусственный интеллект биздин дүйнөнү абдан тез өзгөртүп жатат. Адам өндүрүүчү катары өз маанисин жоготкон Утопия күндөн-күнгө реалдуулукка айланып баратат. Шартсыз негизги киреше сыяктуу дискурстар, келечекте жумушту болгону машиналар жана интеллектуалдык системалар аткарат деп болжолдойт. Ошондо адам экономика үчүн керексиз жана пайдасыз болуп калат.

Инна Артемова өз сүрөттөрүндө өзүнүн футуристтик көрүнүштөрүн жаратат. Бул утопиялык пейзаждар жана мейкиндиктер, келечектеги жашоо жайлары жана адамдык мамилелер темасындагы рефлексиялар. Утопия түшүнүгү — бул адам аң-сезиминде мүмкүнчүлүктөрдүн мейкиндиги, анда ар дайым эң маанилүү суроого кайра жооп берүү керек: келечектеги шаар кандай болот?

Инна Артемова тууралуу кыскача:
Ал Москвада төрөлгөн, Москва Архитектура Институтун бүтүргөн. Анын аркасында Германияда негизинен уюштурулган 10дон ашык жеке жана 30дан ашык топтук көргөзмөлөр бар. Учурда Берлинде 20 жылдан ашык жашап, иштеп жатат.

Көргөзмөнүн ачылыш күнү
КИРҮҮ БЕСПЛАТНЫЙ

Куратор: Капишникова Оксана
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Ефимова Алла Сергеевна

Ефимова Алла Сергеевна

Ефимова Алла Сергеевна График. 1951-жылдын 24-ноябрында Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1975-жылы Фрунзе...

Асанова Нурганыш

Асанова Нурганыш

Асанова Нурганыш Элдик колдонмо өнөрдүн устаты. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген...

Курманов Таалай

Курманов Таалай

Курманов Таалай График. Кыргыз Республикасынын элдик сүрөтчүсү. 1949-жылдын 22-майында туулган....

Концерт "Жаңы толкун"

Концерт "Жаңы толкун"

КОНЦЕРТ 27 ФЕВРАЛЯ В 18ч 00 м СОСТОИТСЯ КОНЦЕРТ В НАЦИОНАЛЬНОЙ БИБЛИОТЕКЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ...

Оморкулов Мырза

Оморкулов Мырза

Оморкулов Мырза График. 1928-жылдын 1-июнунда Ош облусунун Сузак районундагы Багыш айылында...

Жалалов Камал

Жалалов Камал

Жалалов Камал График. 1950-жылдын 21-майында Жалалабад облусунун Кортон районундагы Каба Базар...

Комментарий жазуу: