Выставка "Кыргызстандын көз карандысыздыгы"

Качан: 28-августта саат 10:00
Кайда: Кыргыз Мамлекеттик М. В. Фрунзе атындагы мемориалдык үй-музейинде
Телефон: 66-50-89
Баасы: Тегин
Көргөзмөдө 130дан ашык экспонат, фото материалдар, документтер жана архивдик маалыматтар, музей фондунан алынган, гезиттердеги макалалар жана 24 жылдык маалыматтар көрсөтүлөт.
Жылдан-жылга бул күн жыл сайын 31-августта белгиленет.
1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сессиясы мамлекеттик көз карандысыздык тууралуу Декларацияны кабыл алды, анда Кыргыз Республикасы көз карандысыз, суверендүү демократиялык мамлекет экендиги жарыяланды. 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы суверендүү Кыргызстан мамлекетин түзүүнү мыйзамдуу бекитти. Мамлекетте президенттик башкаруу формасы киргизилген, ал 24 жыл ичинде өзгөрүп, азыркы учурда парламенттик башкаруу формасына айланды. Кыргыз Республикасы мамлекеттик атрибуттарды (герб, желек, гимн) алды, эң негизгиси, өзүнүн чек арасы менен мекенин тапты. Кыргызстандын эли демократиялык кайра куруу боюнча стратегиялык багытты аныктап, кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү – Кыргызстандын жаңы заманындагы тарыхынын этаптарынын бири. Суверендүү мамлекеттин майрамы Кыргызстандын элин колдоп жашаган бардык мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан белгиленет.