Кыргызстандын мамлекеттик герби

Юля Улуттук символдор
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби

Герб

— суверендүү мамлекеттин расмий символдорунун бири, анын эмблемасы. Анда өлкөнүн коомдук-саясий идеясы чагылдырылган. Мамлекеттик герб жогорку мамлекеттик башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин, Кыргыз Республикасынын элчиликтеринин имараттарында, соттук отурумдардын залдарында, мөөрлөрдө жана мамлекеттик документтердин бланктарында, баалуу кагаздарда, монеталарда, чек ара стеллаларында ж.б. жайгаштырылат.

Кыргызстандын герби 1994-жылдын 14-январында бекитилген. Анын авторлору — сүрөтчү Асейин Абдраев жана милициянын генералы Садырбек Дубанаев.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин кара-көк фонуна кардуу Ала-Too тоолорунун үстүнөн чыгып жаткан алтын нурлуу күн, биздин жаш мамлекетибизди символдоп, жана көк Иссык-Куль, кыргыз жеринин тургундарынын руханий тазалыгын, сыймыгын жана патриотизмин өзүнө сиңиргендей көрүнөт.

Тоолорду, күндү жана көлдү өзүнүн күчтүү канаттары менен колдоп турган Ак-Шумкар, улуу Манастын символу — улуттук сыймыктын, көз карандысыздыктын, кыргыздардын эркин рухунун жанданышы. Ошондуктан өлкөнүн негизги сыйлыгы — эл баатырынын белгиси “Ак-Шумкар” (“Белый кречет”) деп аталат.

Композициянын эки тарабын алтын түстөгү буудай чачактары жана ак пахта кутучалары чектеп турат. Гербде “Кыргыз Республикасы” (“Кыргызская Республика”) деген жазуу бар.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Кыргызстандын гимни

Кыргызстандын гимни

Ар бир эртең менен кыргыз радиосунун берүүлөрү Мамлекеттик гимндин салтанаттуу мелодиясы менен...

Молдобаев Орозбек

Молдобаев Орозбек

Молдобаев Орозбек Сүрөтчү. 1953-жылы Кыргыз ССРинин Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта...

Президенттин аппараты

Президенттин аппараты

Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппараты — Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш...

Нурматов Юлдаш Шерович

Нурматов Юлдаш Шерович

Нурматов Юлдаш Шерович Сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген маданият кызматкери....

Комментарий жазуу: