
2014-жылдын 23-сентябрында, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил күнү белгиленүү үчүн, Ысык-Көл облусунун Юстиция башкармалыгында облустук кепилдик каттоо кеңсесинин кызматкерлеринин, район, шаарлардын мамлекеттик нотариустарынын жана юстиция башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда семинар өткөрүлдү.
Бул семинарды өткөрүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын, 2002-жылдын 28-июнундагы КР Жогорку Кеңешинин ЗС № 830-II токтому менен бекитилген «Кыргыз тилинин жаңы редакциядагы орфографиясын» түшүндүрүү, ошондой эле мамлекеттик тилде документ жүргүзүүнүн зарылдыгын жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө маалымат берүү болду.