Норфолк

Норфолк

НОРФОЛК


Океанияда, Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө, Сидней шаарынан (Австралия) 1676 км түндүк-чыгышта жайгашкан арал. Аймагы — 34,5 км2. Башкаруу борбору - Кингстон. Калкы - 2,3 миң (2004 ж.); Питкэрн аралынан келген көчмөндөрдөн жана Австралия менен Жаңы Зеландиядан келген акыркы көчмөндөрдөн турат. Расмий тили - англис тили.

Акча бирдиги - австралиялык доллар.

Австралиянын менчиги, «австралиялык тышкы аймак» статусуна ээ. Австралиянын генерал-губернатору тарабынан дайындалган администратор тарабынан башкарылат. 1957-жылы администратор тарабынан 8 мүчөдөн турган аралдын кеңеши түзүлгөн, ал 2 жылда бир шайланат. 1979-жылдагы мыйзам боюнча, мыйзам чыгаруу, административдик жана юридикалык системанын негиздери аныкталган, ички өзүн-өзү башкаруу кеңейтилип, 9 мүчөдөн турган Мыйзам чыгаруу ассамблеясы түзүлгөн, ал 3 жылга шайланат. Ассамблея аралдын аткаруу кеңешин түзөт, ал өкмөттүн ролун аткарат.

Англиялык деңизчи Дж. Кук тарабынан 1774-жылы ачылган. 1788-жылдан 1813-жылга чейин жана 1825-жылдан 1855-жылга чейин каторжниктердин жерине айланган. 1844-жылы Тасмания колониясынын курамына кирген. 1913-жылдагы мыйзам боюнча, Австралиянын менчиги деп жарыяланган.

Экономиканын негизги булагы - туризм, айыл чарба, балык уулоо. Тамак-аш продуктылары Австралия жана Жаңы Зеландиядан импорттолгон.

Кээ бир өнөр жай товарлары, пальма жана карагай уруктары кайра экспорттолууда.

90 км жол, аэропорт бар, Австралия жана Жаңы Зеландия менен деңиз байланыштары бар.

Радио жана телевизия кызматтары бар.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent